Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын (мурдагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору, №4 шаардык оорукана) аймагына кошумча эки имарат куруу пландалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн «Саламаттык сактоо министрлиги жыл жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландары тууралуу» брифингинде билдирди.
Садыковдун айтымында, оорукана толук кандуу иштөөдө.
«Ооруканадагы шарттардын өзгөрүшү жана жакшырышы тууралуу айтска, бул маселе каралууда. Катар фонду Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору учурунда эле жаңы имаратты курууга каражат бөлгөн. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эл аралык келишимдерге кол коюлган. Бүгүнкү күндө кошумча имарат курууга каражат бар. Үч кабаттуу эки имарат куруу пландалып жатат, анда беш бөлүм иштейт», — деди Садыков.
Ал долбоордун болжолдуу баасы 9 миллион доллар болорун кошумчалады.
«Учурда эскиздик долбоор иштелип чыккан. Долбоордук-сметалык документацияга байланыштуу маселелер каралып, фонд менен макулдашуулар жүрүп жатат. Жакында имараттын курулушу башталат. Клиника кеңейет, тейлөө деңгээли жакшырат», — деп кошумчалады Садыков.
Ал буга чейин эл кайсы ооруканаларга көбүрөөк нааразы болорун айткан.