Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровго 100 жыл…

Социалисттик эмгектин баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлдеги бир катар иш чаралар жыл башынан бери өткөрүлүп келүүдө. Алардын кезектегиси ушул жылдын 1-ноябрь күнү коомдук ишмердин кичи мекени Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылындагы буюстунун ачылышы болду. Аталган иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана коомук ишмердин жакындары катышты.

Коомдук ишмердин күйөө баласы Канат Деркимбаев эстеликти тургузуу үчүн каражатты «Альянс Алтын» компаниясынан сураганын билдирди. Компания жалпы 700 миң сомдой акча каражатын бөлүп берген.

К. Акназаровдун кызы, коомдук ишмер Роза Акназарова: «Атам өзүнүн айыл өкмөтүндө эстелигим ачылса деп каалаган»

— Талас жергесиндеги элдин баары катышып, жапа-тырмак жакшы иш уюштурулуп жатат. Мына атамдын эстелиги ачылып отурат. Атам дагы кетээринде «Акназаров айыл өкмөтүндө эстелигим ачылса» деген ой-тилеген айтты эле. Ошол ой-тилеги ишке ашып бүгүн эстелиги балдарынын, неберелеринин аракети менен ачылды. Ал эми каржылык жактан «Альянс Алтын» компаниясы көмөк көргөздү.  Аларга  чоң ыраазычылык билдиребиз.

Акназаров тууралуу…

Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1943-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

1952–1990-жылдары Чаткал, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-2-катчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акназаров 1966-жылы Социалисттик эмгектин баатыры жогорку наамына татыктуу болгон. Ал эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.

Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 2019-жылы 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайткан.

Нургазы Айтмырзаев