Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүндө компаниянын каржылык эсебинен окуп жаткан студенттерди майрамы менен куттуктады.

2022-жылдын 17-ноябрь кунү «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы кеңсесинде У.Асаналиев атындагы тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары университетинде билим алып жаткан төрт студентти компаниянын башкы директору Сабир РАХМАТОВ кабыл алды. Жолугушууда компаниянын жетекчиси аларды ар дайым колдоорун билдирип, акыл-кеңештерин айтты: «Студент кезде жакшы окуп, кесибиңердин мыкты адиси болгонго даяр болуп чыксаңар жумуш ар дайым табылат. Билим гана адамды ийгиликке жеткирет.  Ийгиликтүү кызматкер болсоңор үй-булөңөрдүн, жакындарыңардын  үмүтү болуп, аларга жакшы жашоо-шартты түзүп бересиңер. Студент кезинен биздин компанияга келип, практика, стажировкадан өтүп бүгүнкү күндө эмгектенип жаткан жаш кызматкерлерибиз бар. Силер дагы терең билим алсаңар компания ар тараптуу колдоосун көргөзөт», — деди өз сөзүндө башкы директор.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Бектен СЫДЫГАЛИЕВ «Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагындагы төрт орто мектептен тоо-кен университетинде билим алууну каалган  бирден бүтүрүүчүнүн окуу акысын (контракт) төлөп берүүнү уюштурганын билдирди. «Биздин «Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы Бекмолдо айылдык аймагындагы төрт орто мектептен төрт бүтүрүүчүсүн Бишкек шаарындагы тоо-кен университетине окутуп, бакалавр даражасындагы дипломун алганга чейин контрактын төлөп берүүнү пландаган. Бүгүн 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүндө ушул төрт студентибизди компаниянын жетекчилиги кабыл алып, окууларына ийгилик каалап, чакан белектерибизди берди. Бул студенттер жакшы окуп, мыкты адис болушса буйруса келечектеги биздин тоо-кен тармагындагы кесиптештерибиздин катарын толукташат деп терең ишенем», — дейт Сыдыгалиев.

Жогорку окуу жайдагы окуу акысын төлөп, камкордук кылганы үчүн студенттер компанияга ыраазы. Мындай мүмкунчүлүккө ээ болгон студенттердин бири, Бекмолдолук Байболсун СТАМБЕКОВ буларга токтолду: «11-классты окуп жатканда эле тоо-кен тармагынын адиси болгум келген кыялым бар эле. Ошол кыялыма жакындаткан алгачкы кадам – бул тоо-кен университетинин студенти болуу болду.  Окуу акымды «Альянс Алтын» компаниясы төлөп берип жатат. Бул дагы болсо каржылык жактан чоң жардам. Ал эми бүгүн компаниянын башкы директору бизди кабыл алып окууларыбыз тууралуу сурап, акыл-кеңештерин айтканы биз үчүн мотивация болду. Кубанычыбыз коюнубузга батпай турат. Буйруса ЖОЖду аяктагандан кийин кыялыбыз болгон «Альянс Алтында» иштеп калабыз деген максатыбыз бар».

Мындан тышкары компания келечектеги өз адистерин даярдоо үчүн ар жылы абитуриенттерге колдоо көрсөтүп турууну пландоодо. Эскерте кетсек, «Альянс Алтын» окуу жылынын башында Бекмолдо айылдык аймагындагы 1-класска бара турган 150 балага мектеп формасын тапшыргын.

Эржигит Алманбетов