Педиатр Дарья Масленникова мандаринди ашыгы менен жеп алуу организмге кандай таасир этерин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дарыгердин айтымында, мандариндин нормасынан көп пайдаланылышы аллергияга окшош реакцияны (аллергияга окшош теридеги исиркектер) шарттайт. Кычышуудан арылууга антигистаминдер жардам берет. Ал эми исиркектерди жок кылуу үчүн мандаринден баш тартууга туура келет.
Масленникова мандаринди ачкарын жегенге болбой тургандыгын эскертти. Цитрустун курамындагы лимон жана аскорбин кислоталары табитти ачканы менен гастрит, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасын пайда кылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда жемиштен көп пайда алууга болот. Анткени ал С, А жана В витаминдерине, клетчаткага бай. Ал эми анын кабыгындагы эфир майлары уйкунун жакшырышына өбөлгө болот.