ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде 2022-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык эмгек акы жогорулады. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Кыргызстанда орточо айлык эмгек акынын номиналдык жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине корректировкаланган) эң жогорку өсүш арымы катталган. Алар 27,9 жана 12,7 процентти түздү.

Эмгек акынын жогорку өсүш темпи Казакстанда да катталган. Анда номиналдуу эмгек акы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 24,1 пайызга, реалдуу эмгек акы 9,4 пайызга өскөн.

Ошол эле учурда Кыргызстанда доллар менен эсептегенде орточо айлык 297 долларды түзөт. ЕАЭБ боюнча бул эң төмөнкү көрсөткүч. Ал Орусиядан үч эсеге (892 доллар) жана ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүчтөн (588 доллар) дээрлик эки эсеге аз.