Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Урматтуу мекендештер!
Манас атанын кадырлуу урпактары!
Ата-бабаларыбыздын кылымдар кыйырын сыдырган тарых-тагдыры, урпактарына калтырган улуу сабак санаты, нускалуу турмуштук тажрыйбасы болгон „Манас“ эпосунун күнү менен баарыңыздарды куттуктайм!
Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча эл аралык мекемеси болгон ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмесине „Манас“ үчилтигинин катталышы кыргыз эли үчүн, кыргызстандыктар үчүн эбегейсиз зор сыймык!
Өлкө жетекчилиги элибиздин идеологиясы да, философиясы да, руханий өзөгү да болуп келген „Манас“ эпосун кеңири жайылтуу, даңазалоо жаатында бир топ иш-аракеттерди жасап келет.
2021-жылы „Манас“ эпосун жана аны алып жүргөн салттуу манасчылык өнөрүн сактоо, таанытуу, жайылтуу максатында атайын Жарлык менен „Манас“ театры ачылган. Ушул жылы болсо ага „улуттук“ деген макам ыйгарылып, манасчылар менен бирге дастанчылар, төкмө-акындар үчүн шарттар түзүлгөн. Андан сырткары, ушул эле жылдын 22-апрелинде атайын Жарлык менен „Манас“ эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана даңазалоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу максатында „Манас“ улуттук академиясынын алдында Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын илимий изилдөө институту түзүлдү. Ошону менен бирге, сентябрь айында дагы бир Жарлык менен „Манас“ эпосунун үчилтигин ар тараптан иликтөөгө шарттарды түзүү боюнча „Манас“ жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясына өзгөртүүлөр киргизилип, аталган мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгүн бир багытка буруу максатында „Манас“ улуттук академиясы болуп кайрадан түзүлдү.
Ошентип, бүгүнкү күндө „Манас“ эпосун изилдөө, жайылтуу жана таанытуу жаатында иш жүргүзүп келаткан, мамлекеттик макамга ээ болгон үч мекеменин алдында жоопкерчиликтүү чоң милдет турат. Алар „Манас“ эпосун ар бир кыргызстандыктын жан дүйнөсүндө орун алышы үчүн, анын баа жеткис көлөмү менен көркөмдүгүн дүйнөлүк аренага чейин жеткирүү үчүн бар күч-аракетин жумшайт деп ишенем.
Урматтуу мекендештер, „Манас“ эпосунун күнү менен дагы бир жолу куттуктайм.
«Манас» эпосубуз өсүп келе жаткан жаштарыбыздын каны менен тең айланып, атуулдукка арбаган улуу күч болуп, Кыргыз Республикасынын жүзү, намысы, аброю бойдон кала берсин!
Манас атабыздын руху өчпөй, өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак менен биримдик түбөлүктүү болсун!».