Улуттук «Манас» театрына ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан автоунаа тапшырылды. Ал эми меценат Нургалы Асаналиев бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери тапшырган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин маалыматына караганда, кыргыз улуттук «Манас» театры алгачкы жолу музыкалык аспаптардын коштоосунда “Айкөлдүн аманаты” аталышындагы драмалык спектаклин чоң сахнага алып чыкты. Спектакль 4-декабрь “Манас» күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында көрүүчүлөргө сунушталды.

Спектакль Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү манасчы, драматург жана төкмө акын Табылды Актановго таандык.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максутов, ЖК депутаттары, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Алгач көрүүчүлөргө “Айкөлдүн аманаты” спектакли сунушталып, андан соң расмий катышуучуларга сөз берилди.

Анда бүгүнкү күндөгү “Манас” эпосунун орду жана ролу, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар, театрда эмгектенген артисттердин аталган спектаклди чоң сахнага алып алып чыгуу иштери, ошондой эле, «Манас» эпосунун улуттун уңгусу катары даңазаланышы, дүйнө элинде мындай ири көлөмдүү эпостун жоктугу, анын күнүмдүк турмуштагы мааниси тууралуу сөздөр айтылды.

Ошондой эле мамлекет тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана даңазалоо боюнча атайын жарлыктын чыгышы, улуттук “Манас” театрынын негизделиши, имаратка ээ болушу, республикалык бюджеттен атайын айлык акы төлөнүп, мындай сейрек кездешүүчү өнөр ээлерине болгон мамиленин узгүлтүксүз уланышы жана Кыргызстанда “Манас” эпосуна болгон астейдил мамиле баса белгиленди.

Андан соң, өнөр адамдарына Жогорку Кеңештин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстолук сыйлыктары, меценат Нургалы Асаналиев тарабынан бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери тапшырылды.

Иш-чаранын аягында улуттук «Манас» театрына ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жеңил автоунаа тапшырылды.