8-10-декабрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаада 8-декабрь күнү инвестициялык форум, 9-декабрда Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.
Бул даталарда убактылуу чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

«Манас» аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектине чейин;

Чүй проспектинин Фучик көчөсүнөн тартып Манас проспектине чейинки бөлүгү;

Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринин Чүй проспектинен тартып мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;

Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

ЖКККББ айдоочуларды жана шаар тургундарын жогорудагы убактылуу чектөөлөрдү унутпай маршруттук каттамдарды алдын ала пландап, утурумдук ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.