Бүгүн, 6-декабрда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 0…-5,
Талас жергесинде -1…-6,
Ысык-Көлдө -4…+1,
Нарын облусунда -1…-6 градус суук болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2…+3, градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшүшү ыктымал. Абанын температурасы -1…+1 градус жылуу болот.