2022-жылы Кытайга тамак-аш жеткирүүчүлөргө карата жаңы талаптары күчүнө кирди, ага ылайык, чет элдик ишканалар CIFER маалымат системасында каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиргендей, учурда КР Айыл чарба министрлиги ишканалардын тизмесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«Кытайдын CIFER системасында каттоодон/кайра каттоодон өтүүдө жардамга муктаж экспортерлордун тизмесине кирүүгө кызыкдар адамдар 0557557529, 0553230425 байланыш маалыматтары менен байланышып, ошондой эле Министрликке электрондук почта аркылуу расмий кат жөнөтө алышат: upol.islamkyzy@mail.ru. Толук маалымат https://agro.gov.kg/kg/8582/«, — деп айтылат маалыматта.