Баткендин сыймыктуу айымдары!
Аманова Бурул Кушбековна, Кадамжайдын кызы, аз сүйлөп, көп иш кылган бул айымдын өзгөчөлүгү элине унчукпай кызмат кылуу. Өткөн жылдары Бурул айым Кадамжай аймактык ооруканасына «Ford Transit” реанимобиль тез жардам автоунаасын тапшырган. Биз бир нече ирет маек куралы десек, сыпайы жооп берип, “жөн эле койгула” деп, узаткан болчу. Мыктыны мыкты деш керек. Бул жолу биз көп аракет кылып жатып, Бурул Кушбековна менен ат жалында маек курдук.
— Бурул Кушбековна, Баткен — эки жыл катары менен каргашалуу кандуу окуяны баштан кечирди, бул окуяларды сиз кандай кабыл алдыңыз?
— Азыр да жүрөгүм ооруп турат. Бул каргашалуу окуяда жакындары каза болгон жердештериме кайгыруу менен көңүл айтам. Тилекке каршы мындай окуялар акыркы убактарда байма-бай кайталанып жатканы абдан өкүнүчтүү.
Кыргыз элинин биримдигине ырахмат. Эң оор кырдаалда жардамдарын аяшпай, баткендиктердин кайгысын тең бөлүшүп, колдон келген жардамдарын беришти.
— Баткенди өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?
— Баткенди өнүктүрөбүз деп айткан менен азырынча эл күткөндөй өнүгүү болбой жатат. Балким, буга эки жыл катары менен кайталанган каргашалуу окуя да себепкер болгондур. Бирок күчтүү, чыныгы, лидер жетекчилер гана чыныгы реформа жасашат. Биз жетекчилерден ошону күтөбүз. Эл да ошону күтүүдө. Буюрса, Баткен өрөөнүнүн өнүгүү мүмкүнчүлүгү өтө кең. Жергиликтүү бийлик, облустук бийлик менен биргеликте өкмөт баш болуп, келерки жылдан баштап, өрөөндүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот деп ишенгим келет.
— Элге жаңы жылдык каалооңуз…
— Жаңы жылды көптөр биздин майрам эмес дешет. Бирок биздин каныбызга сиңип калган Жаңы жылда ар бир адам алдыга бир жакшы максаттарды койот. Менин дагы максат-тилегим — элиме өзгөчө Баткен жергесине тынчтык, бакубат жашоо болсун дейм.
Булак: «Баткен таңы» газетасы