Мугалим болуп жаралуу керек …  

Педагогдук кесип – уникалдуу кесип, чынында кесиптердин төрөсү. Учурдун талабына ылайык илим, технологиялар өркүндөп-өсүп дүйнөлүк ааламдашуу процесси тездик менен өнүгүп жаткан учурда адамзаттын рухий табылгаларын пайдалануу менен билим, тарбия берүү өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, азыркы технологиялык жаӊылануу мезгилинде да алмустактан бери улуттун уӊгусунда сакталып келе жаткан, мурасын муундарга өткөрүп берүү ушул эӊ жөнөкөй жана ардактуу кесиптин ээлери болгон МУГАЛИМдин милдети болуп саналат. Ошондой педагогдордун бири – өмүрүн билим берүүгөарнаган окумуштуу, методист Райхан Абдуллаева.

Биз сөз кыла турган каарманыбыз – жооптуу дагы, ардактуу дагы кесиптин чыныгы ээси. Жан дүйнөсү, дили, руху, таза гана адам изги иштерди жасай алат. Билимин, акылын, тажрыйбасын, аракетин, эмгегин баштаган ишине жумшаган адам анын үзүрүн көрөт. Райхан Абдуллаева кандай иш жасабасын атак-даңк үчүн эмес, чын ыкластан берилгендик менен майын чыгара ийине жеткире аткарат.

Адам баласынын бул жашоого бир келип, бир кетери айныксыз чындык, ошол бир берилген өмүрдөтатыктуу жашап өтүү өмүрдүн текке кетпегенинин көрсөткүчү болуп саналат. Райхан мугалимдик кесипке багытты өзүнүн атасы Абдулла Калбековдан алган экен, ал киши насаатчысы да, устаты да болгон. Райхан мыкты атанын мыкты кызы, ишенимдүү жардамчысы, орун басары болгусу келчү.

Кер маралдай керилген, сүлөөсүндөй чоюлган бул айымды кийин көргөндөр кара жумуш жасап көрбөгөн «ак кол» катары баалашы мүмкүн. «Аргымактын жалы бирде жибек, бирде кыл, Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул» дегендей Райхандын ата-энеси акыл-эстүү, билимдүү, чүрөктөй кыздары болгону менен уулдуу болуну эӊсешет, кудайым эркек перзент бербегенден кийин атасы өксүбөсүн деп эркек бала жасай турган жумуштарды жасоого көнүгүптүр.

Райхан Абдуллаева мээнеткеч, чечкиндүү, иштин көзүн билген, сөздүн чыныгы маанисиндеги – жаратман инсан. Өрнөктүү педагог бактысына тартууланган мугалимдик ыйык кесипти, инсандык парасатты бийик кармап 40 жылдан ашуун мезгилден бери аздектеп аркалап келет. Ардактуу кесиптин чыныгы ээси эмгек жолунда кесиптик ишмердүүлүктүн бардык тепкичтерин басып өттү, катардагы мектеп мугалиминен баштап, илимий даражалуу кафедра башчысы кызматын аркалады.

Мээнеткеч педагог илим жолунда талыкпай алга умтулуп, койгон максаттарынын өтөөсүнө чыгып келе жаткан окумуштуулардын бири. Илимди, үй-бүлөнү, кызматты, коомдук иштерди бири-биринен өксүтпөй катарлаш ала жүрүүсү, ишти уюштура билүүсү өзүнүн табигый жөндөм-мүмкүнчүлүгүн туура чегере билүүсүнө байланыштуу болсо керек. Бүгүнкү күндө Райхан Абдуллаева мезгилдин деми менен менен тең арыштап билимин, тажрыйбасын келечек мугалимдерди, аспирант, магистранттарды даярдоого жумшап келет.

Билим берүүгө баш оту менен берилген “тырмагынын агынан чачынын учуна чейин педагог”. Райхан Абдуллаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги менен өнөктөштүктө ишке ашкан USAID’дин “Сапаттуу билим” (2010), “Бирге окуйбуз” (2013), “Келгиле, окуйбуз” (2018), “Окуу керемет” (2021) эл аралык долбоорлоруна катышып, улуттук тренер катары кызмат кылып келет. Бул анын атуул катарында өлкөнун билим берүү системасына кошкон салымы.

Таалайлуу тагдырдын ээси Райхан Абдуллаеванын педагогикалык жана илимий иш аракеттериндеги жетишкендиктери албетте, үй-бүлөдө түзүлгөн шарттан да көз каранды. Райхан Абдуллаеванын өмүрлүк жолдошу Насыр менен бирге эки уул, бир кызга татыктуу тарбия берип өстүрүштү. Улуу уулу Алтынбек Түрк парламенттер ассамблеясынын генералдык секретары, бул бир мыкты, үлгүлүү үй-бүлөнүн эле сыймыктанган баласы эмес, кыргыз элинин сыймыктуу уулу. Кызы Нуржамал жана уулу Акылбек да өз иштерин ийгиликтүү аткарып келишет, бул жеке турмуштагы жетишкендиктери. Райхан Абдуллаева атуулдук позициясы, тутунган принциптери бар, баштаган ишин аягына чыгарган аракетчилдиги, чечкиндүүлүгү менен үлгү боло алат.

Бүгүнкү күндө профессор Райхан Абдуллаева кайсы кырынан карабайлы адам, аял, эне, педагог, тарбиячы, илимпоз катары таанылды. Акылын, билимин, тажрыйбасын, билим-тарбия берүүгө жумшап, азыркы кадамынан жазбай, алдыга койгон максаттарын аркалап, дагы да ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз. Ылайым дениңиз сак, өмүрүңүз узун болсун!

Профессор Т.Ахматов атындагы кыргыз тилиж жана аны окутуунун технологияларык афедрасынын эмгек жамааты