Аллерголог жана иммунолог Елена Парецкая организмдеги йоддун запастарын толуктоого жана иммунитетти чыңдоого жардам бере турган он азыкты тизмектеди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, йоддун жетишсиздигинен организм кадимкидей алсырайт. Жаш балдардын өсүшү жайласа, чоң кишилердин иммунитети начарлайт. Ал тургай йоддун узакка созулган жетишсиздигинен богоктун пайда болушу да ыктымал.
Парецкаянын айтымында, клюква, кулпунай, кара өрүк, креветка, балык, үндүк, картошка, буурчак жана балыр организмди йод менен каныктырууга эң сонун жардам берет.
Организмде йоддун жетишсиздигинен кабар берүүчү көрүнүштөргө уйкусуроо, кыжырдануу, кан басымдын көтөрүлүшү, көкүрөктөгү ыңгайсыздык, баш оору, табиттин төмөндөшү, чачтын түшүп, тырмактын жукарышы, аба ырайынын өзгөрүшүнө болгон сезимталдык кирери айтылды.