Чикаго шаарындагы КР башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен жолугушту. 2022-жылдын 3-декабрында өткөн жолугушуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар АКШда КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин, консулдук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу, ошондой эле АКШнын Бишкектеги элчилигинде АКШ визасы үчүн маектешүүнүн күнүмдүк өтүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү. Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)