Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуунун айрым түрлөрүнө айып пулду жогорулатып, мастарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну көздөп жатат.
Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралды.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Алар төмөндөгүдөй:

ичимдик ичип унаа айдагандарга айып салынбайт, анын ордуна айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Алгачкы ирет кармалганда бир жылга, дагы кайталанса үч жылга унаа айдоого тыюу салынат. Азыркы кодексте мындай норма жок;

белгиленген ылдамдык нормасынан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7 500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат. Мисалы, айыл жергесинде белгиленген норма саатына 60 чакырым болуп 100 менен айдаса, 120дан ашырса жогорудагы айыпка илинет;

— каршы тилке менен айдоого 15 миң сом айып (учурда 5 500 сом);

— эгер жол эрежесин кайталап бузса кайра экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн кайталап алууга жөнөтүлөт;

— автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7500 сом);

— салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат;

— унаасына этикага туура келбеген, мыйзамыз аракеттерге чакырган адаттан тыш жазууларды, сүрөттөрдү жабыштырып алса 5 500 сом айып салынат.