Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Зордук-зомбулуксуз жашоо» аталышындагы акция өткөрүштү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, алар №4 орто мектептин өкүлдөрү жана окуучулары менен бирге Свердлов районунун аймагына жөө жүрүш жасашты.

Жөө жүрүштүн алкагында милиция кызматкерлери жана мектеп окуучулары «Зордук-зомбулуксуз жашоо» деген темада шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, жашы жете электерге карата зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу да түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, жүрүшкө дагы бир нече активдүү жарандар кошулган.