Билим берүү жана илим министрлиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен билим берүү тармагына биргелешкен сереп өткөрүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин Стратегиялык пландоо, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Евгения Бойко мектептик билим берүү тармагындагы иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу баяндамасында министрликтин алдына коюлган милдеттер аткарылганын билдирди.

Туруктуу өнүгүү максатынын 4.1. индикаторуна жетүү үчүн “2030-жылга чейин бардык кыздар жана балдар акысыз, тең укуктуу жана сапаттуу башталгыч жана орто билим алуусун камсыз кылуу” жарандык коом менен талкуудан кийин милдеттүү орто жалпы билим берүүгө этап-этабы менен өтүү пландаштырылууда.

Эми бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапаты “жашыл” жана жумшак (soft skills) көндүмдөрдү, социалдык-эмоционалдык өнүгүүнү, өзүн-өзү таанууну жана көйгөйлөрдү чечүүнү камтыйт.

Евгения Бойко 12 жылдык мектептик билим берүү жогорку класстарга профилдик билим берүүнү киргизүү аркылуу билим берүү баскычтарынын үзгүлтүксүздүгүн бекемдей турганын белгиледи. Мындан тышкары, билим берүүнүн түзүмү интеграцияланган курстарды, критикалык ой жүгүртүү, командада иштөө, чыгармачылык жана баарлашуу сыяктуу 4K көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт.

Аткарылган иштин натыйжалуулугун аныктоо үчүн билим берүүнүн сапатына эл аралык жана ички баа берүү, анын ичинде PISA каралган.