2022-жылдын январь-сентябрында өлкөгө 958 млн АКШ доллары өлчөмүндө тике чет өлкөлүк инвестициялар келип түшкөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге көп. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 395 млн долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (96% жакыны) пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, иштетүү өндүрүшүнө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Япониядан — 13 эсеге, Түркиядан – 4 эсеге, Швейцариядан – 2,6 эсеге, Кипрден – 2,1 эсеге, Кытайдан – 1,6 эсеге жана Нидерланддан 13,6% га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (33,5%), Кытайга (22,9%), Нидерландга (5,9%) жана Улуу Британияга (3,3%) туура келди.

КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Россиядан 2,1 эсеге жана Казакстандан 20,8% га өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнүн өсүүсү Ысык-Көл облусунан жана Ош шаарынан сырткары, бардык региондордо белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,6% га кыскарды жана 563,5 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (92% ашыгы) пайдалуу кендерди казуу чөйрөсүндөгү ишканаларда, иштетүү өндүрүшүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда, ошондой эле геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө байкалды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,5% га өстү, бул негизинен алардын Японияга — 291,6 эсеге, Германияга – 9,5 эсеге, Түркияга – 9,2 эсеге жана Улуу Британияга 1,4 эсеге өсүүнүн эсебинен болду.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (43,9%), Кытайга (30,8%) жана Канадага (8%) туура келди.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,3 эсеге төмөндөдү, бул Россияга багытталган инвестициялардын 3,4 эсеге кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялардын Казакстанга чыгып кетүүсүнүн агымы 33,4% көбөйдү.

2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынан сырткары, көпчүлүк региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.