Окумуштуу жана тарыхчы Кыяз Молдокасымов Кыргызстандагы өткөрүлүп жаткан мааракелердин маани-манызы, натыйжасы жана агартуучу, жазма акын Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесине көрүлгөн даярдыктар тууралуу пикирин Facеbook социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн:

“Ошентип быйылкы мааракелер бүтүүдө. Жаңы жылдан жаңы мааракелер күтүүдө. Кыргызстан мааракелер өлкөсүнө айланганына көп болду.

Бирок ошол мааракелер кандай өтүүдө? Кептин баары ошондо болууда. Мааракелердин дээрлик бардыгы окшош. Сырткы өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулат. Миллиондогон каражаттар табылат жана коротулат. Эчендеген малдар союлат. Катар-катар боз үйлөр тигилет. Ошентип мааракелер ашказан үчүн өткөрүлүп, жан дүйнө, рух дүйнөгө азык жетпей ачка калат.

Ошол эле учурда ички мазмуну өлбө жаным өлбө менен эптеп өткөрүлөт. Кыргызда ичи жалтырак, сырты калтырак деп койот мындай мааракелерди. Карасаң артында жыргап окуй турган бир китеп чыкпайт. Архивдик атайын изилдөөлөрдү айтпай эле койолу. Быйылкы мааракелерден Ишеналы Арабаевдин мааракеси гана бираз көңүлгө толгудай өтүп жатат. Жарым-жартылай архивдик документтер жыйналды. Артында окуй турган аз да болсо китептер кала турган болду.

Ал эми Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси архивдик изилдөөсүз, оозго аларлык китепсиз, көзгө көрүнө турган тасмасыз өтүүдө.

Өкмөт убада кылган изилдөө иштерин таш капты! Өзүнүн эмес өңгөнүн айкелин Байтик баатыр деп даярдап салды.

 

 

Келерки жылы айтылуу агартуучу жана жазма акын Молдо Нияздын 200 жылдык мааракеси өтөт. Анын демилгечиси Айтмат Азамжан уулу деген мыкты жигит. 3 жылдан бери зор аракетти жана даярдыкты көрүп келет. Алдыда дагы көп иштер жасалганы турат. Ортодо Ош мэринин жардамчысы жана кеңешчиси болуп иштеп, бир жылдан ашуун мыкты жетекчи экенин да далилдей алды. Күнү-түнү жанын карч уруп иштеди.

Кечээ жакында Ошко барсам мэр менен кошо өз эрки менен кеткенин айтты. Эми Молдо Нияздын мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон аракетимди жумшайм дейт. Эл жазуучусу Суранчы Жетимишевге атайын драмалык чыгарма жаздыртып жатканын айтты. Ташкенттеги Өзбекстан Борбордук мамлекеттик архивинен жаңы маалыматтарды таап бериңиз деп мага кайрылды. Суранчы ага, Айтмат үчөөбүз жолугуп сөздү бышырдык. Ошентип Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин татыктуу жана мазмундуу өткөрүүгө Айтмат иним катуу чамынды. Тизгинди койо берип, мааракени өзгөчө өткөрөм деп баштаган ишин улантууга киришти.

Буюрса 2023-жылы Баткен дубанында, Кадамжай жергесинде Молдо Нияздын 200 жылдык мааракеси менен эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы бирге өткөрүлүп калаар деген ишеним жаралды» — деп жазган Молдокасымов.