6-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев катышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ду Дэвэнге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жемиштүү негиз түзөөрүн белгиледи.

Улан Ниязбеков укук коргоо органдары коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылууда жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарына жүктөлгөн милдеттер кылмыштуулук менен күрөшүү жана анын терс кесепеттерине жол бербөө маселелеринде эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө мамлекеттердин күч-аракеттерин активдештирүүдө», — деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай элчилиги тарабынан ИИМге алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу маселелеринде натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында техникалык жардам көрсөтүлдү.

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков көптөгөн жылдар бою өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда, өз ара түшүнүшүү рухунда жана конструктивдүү маанайда өттү.