“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарындагы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунун аймагында ишкананын бригадасы Ак-Босого конушунун Чүй 1, Чүй 2, Чүй 3, Чүй 4, Чүй 5, Чүй 6, Чүй 20, Безымянная, Бухара көчөлөрүндө ЧЧК жээгинде тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүзүүдө.
«Көчө 361 светодиоддук чырак менен жарыктандырылды. Аларды иштетүү үчүн ушул эле сандагы кронштейндер орнотулуп, 12 635 метр СИП (өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зым) аба электр чубалгылары тартылды», — деп айтылат маалыматта.