Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылды. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
ТИМ Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келерин кошумчалады.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Кыргызстанга 10-декабрда мамлекеттик сапары менен келмек. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтмөк.