Мамлекеттик ипотекалык компаниясы 9 кабаттуу турак жайды курууну пландаштырып жатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланды.

Маалымат боюнча турак жай Каракол шаарында салынат. Долбоор «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын алкагында ишке ашырылат.

Техникалык тапшырма жана сынактын шарттары менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.