КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан 12-декабрда Адабият күнүнө жана дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Кыргыз жазуучулары жана Чыңгыз Айтматов” деген темада илимий иш-чара өтөт.

Илимдер академиясынан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында “Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык портреттери” аттуу орус жана англис тилдеринде жарык көргөн эмгектердин жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын басмадан жаңы жарык көргөн жыйнактарынын (12 том кыргыз тилинде, 12 том орус тилинде) бет ачары өткөрүлөт.

Иш-чарада академик А.Акматалиевдин жалпы редакторлугунун алдында жарык көргөн “Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык портреттери” аттуу эмгекте ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын өкүлдөрүнүн: С.Карачев, К.Тыныстанов, А.Токомбаев, А.Осмонов, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, Б.Сарногоев, Ж.Садыков, Ө.Даникеев, Р.Рыскулов, О.Султанов, М.Байжиев, М.Гапаров, Б.Жакиев, М.Абылкасымова, А.Стамов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, К.Акматов, К.Жусубалиев ж.б. жазуучулардын чыгармачылыгы жөнүндө адабий фактылык жана илимий маалыматтарды камтыган портреттик макалалар орус жана англис тилдеринде жарык көргөн. Китеп окуу куралы катары жогорку окуу жайларынын мугалимдерине, студенттерге жана мектептердин мугалимдерине жана жалпы эле окурмандарга арналган. Жарык көргөн эмгектер академик А.Акматалиевдин демилгеси, жетекчилиги менен, спонсорлордун жардамы менен жарыкка чыкты.

«Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагында (12 том кыргыз тилинде, 12 том орус тилинде) анын алгачкы “Газетчи Дзюйо” аңгемесинен тартып, эң соңку романдарына чейинки бардык чыгармалары, ошондой эле мурда жаряланбаган “Чоор жана жер”, “Алтын жана кар” повесттери, “Уулу менен жолугушуу” аңгемесинин жарыяланбаган экинчи бөлүгү, 1951-жылдан берки публицистикалык макала, маектери толук камтылган. Аталган жыйнак “Турар” басмасынын жардамы менен жарык көрдү», -деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, илимий жыйынга КРнын өкмөтүнөн, Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинен, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Улуттук жазуучулар союзунан, ЖОЖдордон окутуучулар, илимпоздор, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, адабиятчылар, ММК өкүлдөрү жана жалпы эле окурмандар катышат.