Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууну жокко чыгаруу пландалууда. Учурда мыйзам долбоору парламентте каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эркектер 60 жашында, ал эми аялдар 55 жашында пенсияга чыга алчу.

“Азыр министрлер кабинети бул норманы алып салуу сунушун киргизди. Парламенттин тармактык комитети мыйзам долбоорун жактырды, кийинки жумада мыйзам долбоорун жыйынга алып чыгабыз”, — деди ал.

Алиев белгилегендей, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт, учурда эркектер 63 жаштан, ал эми аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат.