Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтү менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттин балансына 1.2 км темир жолу кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча,  «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Ысык-Ата филиалынын жана Ивановка станциясынын аймагында «С» ЖчКсы узундугу 1.1 км жана узундугу 59 метр болгон жалпы темир жолдору менен пайдаланып келген.

«Бирок, «С» ЖчКсында бул темир жолдоруна болгон укугун ырастай турчу укук белгилөөчү документтери жок болуп чыккан. Ошондой эле, Ысык-Ата районунун «Кадастр» МИ филиалынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн маалыматтары боюнча бул темир жолдордун менчик ээлери тактала элек», – деп белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, сметалык баасы 8.6 млн сомду түзгөн. №200 жана №201 темир жолдору «Кыргыз темир жолдун» балансына алынды.