Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды.

Тараптар Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыда боло турган отурумунун күн тартибин, ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы жыйынтыктоочу жыйыны акыркы үч жылда биринчи жолу көзмө-көз өтүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
“Бул иш-чараны Кыргыз Республикасы өткөрүп жатканына өзгөчө кубанычтамын. Сизге маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 11-январында Биримдиктин органдарына төрагалык кылган өлкө башчысы катары евразиялык багыттагы бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгилеген элем”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын быйылкы жылы Биримдиктеги төрагалыгынын болжолдуу жыйынтыктарына токтолуу менен Кыргызстанда ЕАЭБдин эл аралык имиджин бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи.
Өз кезегинде Михаил Мясникович Мамлекет башчысына жолугуп, ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстердин артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарында ийгиликтүү төрагалыгын, атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 10 айында байкалган бир катар көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн өнүгүүсүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасын баса белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Кыргызстандын төрагалыгы алдында өлкөдө маанилүү иш-чаралар өткөндүгүнө көңүл буруу менен алардын көбү биринчи жолу өткөрүлгөнүн жана тарыхый маанилүүлүгү бар деп эсептесе болоорун белгиледи.

Михаил Мясникович Кыргыз Республикасы мындай жемиштүү иштердин жыйынтыгы менен башка мамлекеттерге жогорку талапты койгонун баса белгиледи. Бул Биримдик үчүн жана дүйнөлүк коомчулук үчүн жакшы экенин, ошондой эле, бул ырааттуу саясатты көрсөтүп тураарын кошумчалады.

Тараптар евразиялык интеграциянын алкагында кызматташууну өнүктүрүүнү улантууну макулдашты.