Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

ЖЕЭК жыйынына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат. Отурум УТРК, республикалык, облустук каналдардын эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз көрсөтүлөт. Жыйын саат 12:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Учурда Александр Лукашенко менен Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке учуп келишти.