Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Россиянын укук коргоо органдары менен иштешүүдө. Укук бузууларды болтурбоо максатында ИИМдин Өкүлчүлүгү тарабынан Россияда жашап жүргөн мекендештер арасында алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Жакында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын ичинен этникалык негизде түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду. Бул адамдар мекендештерин коркутуп-үркүтүү жана опузалап акча талап кылуу менен алектенип, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдү жүргүзүүгө аракет кылышкан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын 12-бөлүмүнүн, ошондой эле Түштүк-Чыгыш административдик округу боюнча ички иштер башкармалыгынын 8 жана 9-бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдарды кармашкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөлөрү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жарандар кармалды: “Мырза” каймана аты менен белгилүү Ош облусунда 1986-жылы туулган Т.уулу М. (фамилиясын үч жолу өзгөрткөн), “Роха” каймана аты менен белгилүү Чүй облусунда 1998-жылы туулган Х.Р..
Жаран Х.Р. үстүнөн Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Тергөө башкы башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик округу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүгү (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан куралды же курал катары колдонулган буюмдарды эки же андан көп адамга колдонуу менен мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу, инсандын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунучтуу зомбулук көрсөтүү), 163-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Б” пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу максатында опузалап талап кылуу), 163-беренесинин 2-бөлүгүнүн “а”, “в”, “г”-пунктары (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зомбулук көрсөтүү менен ири өлчөмдө опузалап талап кылуу,) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан кармалгандардын мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар экендигин тактоо, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мекендештерибиздин Россия Федерациясынын аймагында кылмыш жана укук бузууларды жасоосуна жол бербөө максатында алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз. Купуялуулукка кепилдик берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы