Кыргызстандын токой чарба кызматкерлери 2022-жылдын август айынан тартып 3 эсеге көп айлык ала баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул тармакта 1 миң 496 адам эмгектенет, анын ичинен 73%ы (1,1%ы) токой коргоочулар.

«Жыл башынан бери бизге республикалык бюджеттен 260 млн сом бөлүндү, анын ичинен 180 млн сому айлык акыларды төлөөгө жумшалды. Бул жылы кызматкерлердин айлык акысы 2-3 эсеге көбөйдү. Мурда алар 8 миң сомдун тегерегинде алып келишкен болсо, айлык көбөйгөндөн кийин 20 миң сомго чейин алып калышты», — деди ал.

Айлык акыларды көбөйтүүнүн эсебинен 2023-жылы токой чарбаны тармагын каржылоонун жалпы көлөмү 450 млн сомду түзөт, бул 2022-жылдын бюджетинен 1,7 эсеге көп.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын август айына чейин айыл, токой жана балык чарба кызматкерлеринин эмгек акысы өлкөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болгон.