Чотонов Мамашарип Мамытович

Кыргызстандын маданият жана билим берүү тармагы орду толгус жоготууга учурады.

2022-жылдын 8-декабрында  Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Чотонов Мамашарип Мамытович оорудан улам 54 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кызыл-Жар айылында туулган.

1986–1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Мамашарип Чотонов 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу иштери факультетинин “Маданий-агартуу иштеринин уюштуруучу-методисти” адистигин, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “Финансы  жана кредит”  адистигин,  ал эми  2012-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын “Эл аралык мамилелер” адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1992-жылы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын администратору болуп  баштаган.

1993–1994-жылдары аталган мекемеде режиссёрдун жардамчысы кызматында иштеген. 1992-жылы филармониядагы иши менен айкалыштырып, “Руханият” эл аралык ассоциациясынын менеджери, 1993-жылы аткаруучу директору болуп иштеген, 1994-жылы аталган ассоциациянын вице-президенттигине дайындалган. 1996-жылы “Дастан-Ю” жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп, 1999-жылы аталган ишкананын башкы директору, 2001–2004-жылдары “Жакшылык кредит” фирмасынын директору болуп эмгектенген.

2005-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин социалдык-маданий ишмердик кафедрасына окутуучу болуп кабыл алынган. 2008-жылы аталган кафедранын улук окутуучусу болуп иштей баштаган.

2012-жылы ошол эле окуу жайдын оркестр жана хор дирижерлугу факультетинин деканы кызматына дайындалган. 2011–2012-жылдары аталган кызмат менен айкалыштырып, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы факультетинде, 2012–2014-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинде окутуучулук кесипти аркалаган.

2014-жылдан тартып  өмүрүнүн  аягына  чейин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору кызматында эмгектенип келди.

2011-жылы экономика илимдеринин кандидаты илимий наамы жана экономика адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган. 2015-жылы Россия Федерациясынын Табигый илимдер академиясы тарабынан профессор окумуштуулук наамы, 2020-жылы ушул эле академиянын мүчө-корреспонденти наамы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин доктору илимий наамы ыйгарылган.

Чотонов Мамашарип Мамытович педагогикалык ишмердиги менен бирге илимий иштерге да жигердүү аралашып, маданият жана башкаруу чөйрөсүндөгү экономикалык көйгөйлөргө, кырдаалдарга арналган макалалары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялап келген. 2012-жылы “Экономика социально-культурной сферы”, “Менеджмент в социально-культурной сфере” аттуу эки окуу китеби басмадан чыгып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен жогорку окуу жайларында окутуу үчүн киргизилген.

Билим берүү тармагына кошкон салымы бааланып, бир катар мамлекеттик органдардын ардак грамоталары, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги сыйлыктары тапшырылган.

Мамашарип Мамытович Чотоновдун жаркын элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат.

Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков,   С.С. Касмамбетов,   Э.Ж. Байсалов,    А.Дж. Джунушалиев, А.А. Максутов, У.Э. Мамбетакунов, С.А. Раев Д.Т. Орунбеков, К.О.Иманалиев, Т.Т. Казаков, М.А. Бегалиев,  Г. Садыбакасова, Т. Мамеев, Л. Сагынбаев, К. Конкобаев, К. Абдиев, Ж. Жамшитов, К. Осмонов, М. Ааматов, О. Ибраимов, А. Мамытов, И. Аманбаев, Д. Чотонов, Э. Токтошев, К.Токтосатаров   ж.б.