Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Урматтуу мырзалар жана айымдар!
Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы жылдын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.
Биз соңку 3 жыл ичинде Биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бетме-бет отуруп сүйлөшкөнгө жетиштик.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алдык. Аларга учкай токтоло турган болсок, биз өнөржай кооперациясын каржылоо үчүн негиз түздүк, Биримдиктин тиешелүү актыларын иштеп чыгууну тапшырдык.
Келерки жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын бекиттик, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары менен соода жаатында макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечтик.
Салыктык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү жана электрондук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча бир катар иштер жасалгандыгын белгилеп кетейин.
Биз бүгүн Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартибин аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол койдук.
Уюмдун алкагында Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Биз бүгүн аталган маселени дыкат талкуулап, бул багыттагы ишти күчөтүүнү макулдаштык.
Мындан тышкары, Биримдигибиздин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бир катар документтер бекитилди.
Кабыл алынган чечимдер өтө татаал шарттарда евразиялык интеграцияны бекемдөөгө олуттуу салым кошот деп бекем ишенем.
Келерки жылы Биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Россия Федерациясына өтөт. Мындай жоопкерчиликтүү миссияны аткарууда Россия тарапка албан-албан ийгиликтерди каалайм”.