Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушту.

 

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу катышты.

Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда достук жана өнөктөштүк мамилелер жигердүү өнүгүп келе жатканын белгиледи. «Корея Республикасы Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү. Биз кызматташтыгыбызды жана достугубузду жогору баалайбыз», — деген вице-спикер Корея тарапка Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана санариптештирүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасы KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу парламенттин санариптик потенциалын бекемдөө максатында Жогорку Кеңешке техникалык жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Ли Вон Джэ KOICA элчилигинин жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иши тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү 2023-жылдан 2027-жылга чейин Жогорку Кеңешти санариптештирүү алкагында долбоорду ишке ашырууга киришет.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү тармактык жабдууларды Жогорку Кеңешке берүү актысына кол коюу аземи болду. Актка Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу кол коюшту.