Бактылуу үй-бүлө коомго үлгү

Каныгүл Анварова, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин мүчөсү:

«Грузиядагы килем фестивалына орто азия регионунан сунушталганымда, өзүмдү бактылуу сезип кеткем!”

Маргун айыл аймагы (азыркы Кең-Талаа) санжыралуу тарыхы, өзгөчө каада-салттуу руханий байлыгы менен ыймандуу пейилдин ээси болгон элдин энчиси болуп кудай түптөп берген, кут уялаган кутмандуу жер. Аймактын эли эл-жеринин тарыхы, кол өнөрчүлүгү, мал өстүрүп, килемчиликти кесип кылып келе жаткандыктары республикага чейин таанылган аймактардан болуп саналат. Мына ушул атагы республикага чейин “Лейлек килеми” деген ат менен таанымал болгон аймакта уз-чебер эжебиз Каныгүл Анварова бизде конокто болуп кол өнөрчүлүгү, жеке турмушу жөнүндө ой бөлүштү.

— Каныгүл эже кош келипсиз. Алгач үй-бүлөңүз жөнүндө учкай айта кетсеңиз…

— Аллага чексиз шүгүрлөр, мактоолор болсун. Мен жашоомо ыраазымын. Үй-бүлөлүүмүн. Өмүрлүк жолдошум Досбай Турдукулов кесиби боюнча дарыгер. Ушул айылда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун бир топ жылдардан бери жетектейт. Бир уулдун, үч кыздын ата-энесибиз. Эң чоң уулубуз Мелисбек кесиби боюнча программист. Айылда ылайыктуу жумуш болбогондуктан устачылык менен алектенет. Жубайы аталган мектепте физика-математика сабагынан балдарга билим тарбия берип келүүдө. Кыздарым – Атыргүл ата жолун жолдоп Бишкек шаарында медайым, Мунара — кесиби боюнча тигүүчү, Гүлипа – менин жолумду жолдоп мугалим болуп иштейт.

— Маргун айыл аймагы республикабыздын эң четки Лейлек районунун айылы эмеспи. Кол өнөрчүлөр кеңешине кантип мүчө болуп калдыңыз?

— Мектепте иштеп жүрүп элдин назарына түшкөн окшойм, айылдагы аялдар кеңешин 2009-жылдан 2012-жылга чейин жетектеп калдым. Мына ошол мезгилден баштап аялдардын активдүүлүгүн көтөрүүдө абдан жакшы иштерди жүргүздүк. Биздин айылыбыз мурдатан эле килемчилердин мекени деп атагыбыз республикага чейин чыгып жүргөндүктөн биздин кеңештеги кыз-келиндер менен көргөзмөлөргө катышып жүрдүк. Маргун айылында килем сокпогон, килем билбеген келин-кыздар жокко эсе. Ар бир үйдө килем согуучу станоктору бар. Ошол үчүн ар бир үйдө кичи килем цехи бар деп коебуз. Катуу иштегендиктин натыйжасында чеберчилик, килемчилик боюнча Бишкек шаарындагы жыл сайын уюштурулган “Лейлек килеми” фестивалына катышып, мен баштап барган айылдын уз-чеберлери менен грамоталар менен сыйланып келгенбиз. Андан башка Бишкек шаарында жыл сайын июль-август айларында “Оймо” фестивалы өткөрүлөт. Бул фестивал Орто Азия регионунун кол өнөрчүлөр Ассоциациясынын вице-президенти Динара Чоочунбаеванын жетекчилиги менен уюштурулган. 2014-2016-2018-жылдары Ысык-Көл областынын Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн көчмөндөр оюндарына Лейлек килемдерин алып барып активдүү катышып келдим. Андан тышкары Баткен областында, Ош шаарында өткөрүлгөн Кылым карыткан кыргыз килеми фестивалына да, 2021-жылдын 20-ноябрынан, 25-ноябрына чейин Москва шаарында өткөрүлгөн Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн фестивалына да кол өнөрчүлөр кеңешинин Ош областы боюнча координатору Венера Конокбаеванын сунушу менен барып катышып келдим. Бул иш-чараны өткөрүүгө Москва шаарында жашаган Кыргыз диаспора коому демөөрчүлүк көрсөтүштү. Ал жактан да кол өнөрчүлүгүмдү даңазалаганым үчүн Москва шаарынын аксакалдар кеңешинин төрагасынын Ардак грамотасы, Кыргыз диоспорасынын медалы менен сыйланып келдим.

Мен килем боюнча айткым келет. Кол өнөрчүлүк бул улутубуздун унутулгус уңгусу болуп эсептелгендиктен килемчиликти коомчулукка кеңири жайылтышыбыз, аны биз жаштарга үйрөтүшүбүз зарыл. Мен бүгүнкү күндө килемдин ар кандай жаңы технологиясын жандандыруунун үстүндө иштеп келатам. Айылга килем цехин ачсак деген ниетим бар. Ал үчүн бир канча финансылык каражат керек экен. Максатым эле аймактагы кыз-келиндерге килем согуунун жаңы технологиясын үйрөтүү.

— Сизди Грузия мамлекетинде өткөрүлгөн килем фестивалына катышып келген деп уккан жайыбыз бар. Ал жакка барып-келүү ар кайсы эле адамга насип эте бербейт. Кимдер тарабынан сунушталдыңыз эле?

— Ооба. Ырас айтасың сиңдим. “Атын атаса куту сүйүнөт” деген. Мен Баткен областынын кол өнөрчүлөр Кеңешинин президенти Анархан Турдубаева эженин сунушу менен 2016-жылы Грузия мамлекетинин Тбилиси шаарында килем фестивалы өткөрүлүп, Кыргызстандан бир гана килемчи мен, Орто Азия регионунун кол өнөрчүлөр Ассоциациясынын вице-президенти Динара Чоочунбаева экөөбүз катышып келгенбиз. Раматылык Анаркан эже менен чеберчилик боюнча иштешип жүргөнүмдө менин тырыщчаактыгымды, эмгекчилдигимди байкап жүргөн экен, ушу кезге чейин ошол фестивалга Орто Азия регионунан сунушталып, килем токуу башка өлкөдө кандай экендигин үйрөнүп, тажрыйба алмашып келгениме өзүмдү күнү бүгүнгө чейин бактылуу сезип жүрөм.

— Фестиваль өлкөнүн кайсы жеринде өттү?

— Анхельсе шаарындагы Рабат ательесинде өттү. Килем көргөзмө фестивалы 3 күн катары менен болду. Ага КМШ өлкөлөрүнүн кол өнөрчүлөрүнүн жетекчилери жана чеберлери катышышты. Айланасы чептер менен курчалган, ичи азыркы талапка ылайык, заманбап кооздолгон музей, конференциялык зал, кафелери бар, жери нымдуу, жолдору кудум таштар менен безелгендей, көрүнүшү тарыхый типте сакталып калган деңиз боюна жайгашкан кичи шаар экен.

— Семинар Сизге кандай таасир калтырды. Максат-мүдөөлөрүңүз жөнүндө бөлүшсөңүз?

— Семинардан алган таасирлерим, конференциялардын англис тилинде өтүлгөндүгү болду. Ал жерден чет тилинде сүйлөгөндөр менен баарлашып, тажрыйба алмашуума 33 жыл айылдагы М. Баетов атындагы орто мектебинде англис тили сабагынан окуучуларга билим берип келгендигим жакшы натыйжасын берди десем жаңылышпаймын. Алар менен кеңири эл-жер, маданиятыбыздын тарыхы, айылдагы кол өнөрчүлүк, Маргун эли илгертеден эле мал өстүрүп, килемчиликти кесип кылып келе жаткандыгы тууралуу баарлашып, пикирлерин угуум, өмүрүмдөгү унутулгус учур болду.Максат-мүдөөм эле кылым карыткан Кыргыз килеминин сапатын жогорулатуу, аны дүйнөлүк базарга алып чыгуу, ЮНЕСКОГО киргизүү болгондуктан, тынбай изденип иштөө үчүн убакыт жана материалдык колдоо таап, илгерки апалардын килемди кандай ыкмалар менен жасагандыктары жөнүндө маалыматтарды топтоону максат көрдүм.

— Педагогмун дегениңизге караганда азыр да аталган мектепте иштеп жатасызбы?

— М. Баетов атындагы орто мектебинде 33 жыл иштедим, 8 жыл болду ардактуу эс алууга чыкканыма. Бирок англис тили сабагы өзүмдүн тандап алган сүйүктүү кесибимболгондуктан пенсияга чыгып да 4 жыл иштеп бердим. Өнөрлүү өлбөйт демекчи, андан бери бала кезимден үйрөнгөн кол өнөрчүлүгүм менен алектенип келүүдөмүн.

— Аялзаты үй-бүлөлүк бакытты, тынчтыкты үйүндө орното алат. Мына ушул үй-бүлө күтүүнүн чеберчилиги жөнүндө айтсаңыз. Бактылуусузбу?

— Биз экөөбүз ата-энелерибиздин каалоосу менен студент кезибизде таанышып, 1984-жылыбаш кошконбуз. Жолдошум Бишкек шаарында медициналык академияда, менОш шаарындагы педагогикалык институтунда окуганмын. Мен ойлоймун, негизи ата-энелердин баталары менен баш кошкон үй-бүлө жаман болбостугу биздин турмушубузда көрсөтүлдү. Элдин алды же арты болбосок да жакшы жашап келатабыз. Окууну бүтүп келгенибизде жолдомонун негизинде алгачкы эмгек жолубузду Сүлүктү шаарынан баштадык. Ал жакта 10 жылдан ашык убакыт иштеп, 3 балалуу болдук. Жолдошум эң кичүү уул болгондуктан шаардан келип ата-энеси менен чогуу жашадык. Эми дүйнөдө телегейи тегиз үй-бүлө болбосо керек. Мен бир үйдүн жалгыз кызы болсом да жакшы үй-бүлөгө туш келген экенмин. Кайын атам, кайын энемдин кең пейилдиги, сабырдуулуктары менин эркелик мүнөзүмдү өзгөрттү. Жубайлар бири-бирине кандай мамиле жасаганды, сыйлаганды ошол кишилерден үйрөндүк. Эртеден кечкече жолдошум дагы, мен дагы иш менен алек болуп кечинде үйгө келип тиричиликти өткөрчүбүз.

— Элибизге каалооңуз…

— Элиме Кыргызстандын кол өнөрчүлөр Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан тынчтык, бейпилдик, биримдик, токчулук менен молчулук каалайм. Келечек муундар үчүн асманыбыз ачык, заманыбыз тынч болсун!

Баарлашкан: журналист Бүүрайма Абдилаат кызы.

Булак: «Баткен таңы» газетасы