2022-жылдын 11-декабрынан тарта 2023-жылдын 10-декабрына чейин эл аралык каттамдардын убактысы өзгөрөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИ билдирет.

2022-жылдын 11-декабрынан 2023-жылдын 10-декабрына чейин эл аралык жүргүнчү поезддери жөнүндө кыскача маалымат:

1. №317/318 Бишкек-Самара-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына эки жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен шаршемби жана жума күндөрү саат 23:23тө жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча) жана Бишкек-2 темир жол бекетине келүү шейшемби жана бейшемби күндөргө саат 01:28гө (жергиликтүү убакыт боюнча) туура келет.

2. №405/406 Бишкек-Казань-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен дүйшөмбү күндөрү саат 17:12де жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча) жана Бишкек-2 бекетине жекшемби күндөрү саат 20:38де келет (жергиликтүү убакыт боюнча).

3. №385/386 Бишкек-Новосибирск-Бишкек жүргүнчү поезди 8 күндө бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 02:14тө жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча) жана Бишкек-2 темир жол бекетине саат 21:31де келет (жергиликтүү убакыт боюнча).

Көрсөтүлүүчү кызматтар:

1. Бир чоң курактагы жүргүнчүгө өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки бир баланы бекер ташуу, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга өзүнчө орун менен жол киреге 50% арзандатуу каралган.

2. 36 кг, үч жактуу көлөмү 200 смден ашпаган кол жүгүн бекер алып жүрүү жана төлөм төлөө менен кошумча 14 кг кол жүк алып жүрүү каралган. Жүктүн салмагынын акысыз ченемине жана кол жүгүнүн өлчөмүнө кыймылдаткычы жок жыйналган велосипед, аудио жана видео аппаратура кирет.

3. Бүктөлүүчү балдар арабасын, кыймылы чектелген адамдардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды кол жүгү үчүн белгиленген ченемден ашыкча акысыз ташууга болот.

4. Атайын капаска салынган үй жаныбарларын (канаттууларды, иттерди, мышыктарды) кол жүгүнүн салмагынын жана өлчөмүнүн эсебинен акысыз алып жүрүүгө болот. Купедеги бардык төрт орундун жол акысын төлөөдө (эгерде оозуна кийгизүүчү тумшук кабы бар болсо) өзүнчө купеге экиден ашык эмес ири тукумдагы иттерди алып жүрүүгө жол берилет.

5. Көрүүсү начар жүргүнчүлөргө (сокурлар жана начар көргөндөр) жол көрсөтүүчү иттерди каалаган түрдөгү (таптагы) вагондордо купедеги бардык орундарды сатып алуусуз акысыз алып жүрүүгө жол берилет.

6. Билеттин баасына шейшеп себилин пайдалануу кирет.

Көңүл бургула! Жүргүнчү эл аралык каттамда жүргүнчү поезддери менен жүрүүдө белгиленген паспорттук жана административдик (анын ичинде визалык), бажылык жана башка эрежелерди өзүнө карата да, кол жүгүнө да, ташылган үй жаныбарларына да (иттер, мышыктар, канаттуулар) сактоого милдеттүү. «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы бул эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөгө укуксуз жана жүргүнчү тарабынан бул эрежелердин сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Арзандатуулар тууралуу:

Жеке жүргүнчүлөргө жол жүрүү документтерин сатып алууда эл аралык жүргүнчү поезддери жөнөгөнгө чейин сатуу мөөнөтүнө жараша жол жүрүүнүн толук баасынан арзандатуулар берилет.

Купе вагондорунда:

Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 35% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 25% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 15% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин жана 5 күн аралыгында жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 5% арзандатуу каралган.

Плацкарт вагондорунда:

Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 25% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 15% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейинки 10 күндөн 6 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынса 5% арзандатуу каралган.

Поезд жөнөгөнгө чейин жана 5 күн аралыгында жол жүрүү документтери (билет) сатылып алынган учурда арзандатуу каралган эмес.

2022-жылдын декабрь айында 2023-жылдын январында жөнөгөн поезддер үчүн сатуунун абалы боюнча, эң жогорку арзандатууну эске алуу менен билеттин баасы көрсөтүлгөн.

— Бишкек – Самара каттамы боюнча плацкарт вагонунда жол жүрүү документтеринин (билет) баасы 9800 сомдон башталса, ал эми купе вагондорунда 12 400 сомдон башталат.

— Бишкек — Казань каттамы боюнча плацкарт вагонунда жол жүрүү документтеринин (билет) баасы 14 700 сомдон башталса, ал эми купе вагондорунда 18 400 сомдон башталат.

— Бишкек — Новосибирск каттамы боюнча плацкарт вагонунда жол жүрүү документтеринин (билет) баасы 8900 сомдон башталса, ал эми купе вагондорунда 11 300 сомдон башталат.

Саны 10дон 24 кишиге чейин уюшулган жүргүнчүлөр тобуна жалпы жол киренин баасынан 20% арзандатуу берилет.

Саны 25 жана андан көп адамдан турган жүргүнчүлөрдүн уюшкан топтору үчүн жалпы жол киренин баасынан 30% арзандатуу берилет.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин бекеттеринин билеттик кассаларынан Россиянын, Казакстандын, Беларусиянын жүргүнчү поезддеринин ички каттамдарына билеттерди алардын ички тарифтик баасына ылайык алса болот.

Мисалы:

Шу – Астана 1400 сомдон;

Москва — Санкт-Петербург 2600 сомдон;

Минск — Брест 980 сомдон;

  • поезд жөнөгөнгө чейин бош орундардын болушуна жараша жана жөнөөр алдында да сатып алса болот;
  • анын ичинде бардык салыктарды жана шейшептерди пайдаланууну эске алуу менен;
  • 2022-жылдын декабрына карата валютанын курсуна жана сатылуусунун негизинде.

Биздин поезддерге электрондук жол жүрүү документтерин (билеттерди) Орусия жана Казакстан темир жолдорунун расмий WEB-порталдарынан жана алардын уюлдук тиркемелеринен сатып алса болот, поездге отуруу темир жол узатуучусуна паспортту көрсөткөндөн кийин гана ишке ашырылат.

2022-2023-жылдарга республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер боюнча кыскача маалымат:

Шаар аралык №6050/6051 Бишкек-1-Токмок поезди күн сайын Бишкек-1 бекетинен саат 17:21де жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча), ал эми Токмок бекетинен 05:05 мин. бери жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча).

Шаар аралык №6063/6064 Бишкек-2-Кайыңды поезди күн сайын Бишкек-2 бекетинен саат 17:32де жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча), ал эми Кайыңды бекетинен 05:07де бери жөнөйт (жергиликтүү убакыт боюнча).

Жергиликтүү №608/609 Бишкек-2-Рыбачье поезди жайкы мезгилде люкс вагон менен каттайт.

Кызматтар:

1. Бир чоң курактагы жүргүнчүгө өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки бир баланы бекер ташуу, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга өзүнчө орун менен жол киреге 50% арзандатуу каралган.

2. 36 кг, үч жактуу көлөмү 200 смден ашпаган кол жүгүн бекер алып жүрүү жана төлөм төлөө менен кошумча 14 кг кол жүк алып жүрүүгө болот. Жүктүн салмагынын акысыз ченемине жана кол жүгүнүн өлчөмүнө кыймылдаткычы жок жыйналган велосипед, аудио жана видео аппаратура кирет.

3. Бүктөлүүчү балдар арабасын, кыймылы чектелген адамдардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды кол жүгү үчүн белгиленген ченемден ашыкча акысыз алып жүрүүгө болот.

4. Атайын капастарга салынган үй жаныбарларын (канаттууларды, иттерди, мышыктарды) кол жүгүнүн салмагынын жана өлчөмүнүн эсебинен акысыз алып жүрүүгө болот.

5. Көрүүсү начар жүргүнчүлөргө (сокурлар жана начар көргөндөр) жол көрсөтүүчү иттерди каалаган түрдөгү (таптагы) вагондордо купедеги бардык орундарды сатып алуусуз акысыз алып жүрүүгө болот.

Ички каттам боюнча жол киренин бекитилген туруктуу баасы:

— Бишкек-2-Шопоково чоң курактагы адамга билет баасы 20 сом, балдар билети 6 сом.

— Бишкек-2-Беловодск чоң курактагы адамга билет баасы 37 сом, балдар билети 20 сом.

— Бишкек-2-Карабалта чоң курактагы адамга билет баасы 56 сом, балдар билети 20 сом.

— Бишкек-2 — Кайыңды чоң курактагы адамга билет баасы 56 сом, балдар билети 20 сом.

— Бишкек-1-Кант чоң курактагы адамга билет баасы 20 сом, балдар билети сом.

-Бишкек-1-Ивановка чоң курактагы адамга билет баасы 37 сом, балдар билети 20 сом.

— Бишкек-1 — Токмок чоң курактагы адамга билет баасы 56 сом, балдар билети 20 сом.

— Бишкек-2-Кант чоң курактагы адамга билет баасы 56 сом, балдар билети 20 сом.

— Бишкек-2-Быстровка чоң курактагы адамга билет баасы 101 сом, балдар билети 48 сом.

— Бишкек-2 – Рыбачье чоң курактагы адамга билет баасы 150 сом, балдар билети 73 сом.

— Бишкек-2 — Рыбачье люкс вагон, поездге отурган бекетке жана баруучу жерине карабастан, чоң курактагы адамга билет баасы 500 сом, балдар билети 250 сом.

Шаар аралык поезддерге жана жергиликтүү поезддерге билеттерди Бишкек-1 жана Бишкек-2 бекетинин, ошондой эле башка бекеттердеги кассалардан, же поезддин улук узатуучусунан сатып алса болот.

Билеттердин баалары, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин багыты, убактысы, шарты жана башка кызматтары боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго күнү-түнү, аптасына жети күн бою кайрылсаңыз болот:

Байланыш телефондору: (0312) 30-02-09, 30-03-76, 92-68-54, 92-68-40

Уюлдук телефон: 0705 076696