Жакында Германия бийлиги бир күндө 25 активисти кармады. Аларга баш аламандык уюштуруп, бийликти басып алууну көздөгөн деген айып тагылган. Бул активисттерди кармоого 3000дей полиция кызматкери тартылып, масштабдуу операция өттү.

Германия Федерациясынын башкы прокурору Петер Франктын айтымында, кармалган активисттер мамлекеттин ички террористтик уюмдарга мүчө болгондугу үчүн айыптап жатат. Булардын максаты мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу болгон. Аскердик курал-жарак менен төңкөрүш кылгысы келгендер мыйзам алдында жооп беришет деди башкы прокурор.

Ушул окуяны талдап көрсөк, демократиянын ордосу делген Германияда баш аламандык кылууга даярдангандарды мыйзам жазалайт. Бир дагы адам “кокуй демократия өлдү, сөз эркиндиги өлдү” деп ызылдап чыгышпайт.

Бишкекте 23-24-октябрда 20дан ашуун саясатчы активисттер бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалды. Бирок аларды коргоп чыккан тарап, сөз эркиндигин бетке кармашкан.

Германияда  бир адамдын көрсөтмөсү менен  баарын кармап, камап жатышат, а бизде саясатчылар чогуу отуруп, пландаштырып, 10 миң адам чыгарабыз деп сүйлөгөндөрү видеосу, аудио жазуулары далилденип, коомчулукка тарады.

Эмнеге Кыргызстандык бейөкмөт уюмдары Германиядагы бийликти басып алгысы келгендер камалганда үн каткан жок? Эмнеге Германияда сөз эркиндиги өлдү деп сындашпайт? Европадан каржыланган уюмдар батыш өлкөлөрүндө болгон окуяларды мыйзамдуу деп баа беришип, аларды сындшпайт. Ал эми Кыргызстанда мыйзам бузган жарандар камалса, “саясий куугунтук, сөз эркиндигине доо кетти” деп айыптап чыгышат. Германияда жана Кыргызстанда болуп өткөн  окшош окуялардан кандай бүтүм чыгарсак болот? Ар бир мамлкеттин өзүнө тиешелүү мыйзамдары бар эмеспи. Эгемен өлкө эгемен катары жашаш үчүн конституциялык түзүлүшкө доо кетпеши керек.

Демократиянын башаты – мыйзамдын сакталышынан башталат. Ал эми биздин мыйзамдарда адам эркиндиги так сакталган.

Андыктан чектен чыкпай чыкпай мыйзамдуулукту сактайлы. Биз Кыргызстандын мыйзамдарын сактаганыбызда гана өлкө өнүгөт. Мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн ар бир жаран салым кошушу керек. Ал эми мыйзам бузгандар жазаланууга тийиш. Германия бул багытта туура кадамга барды.