Кечээ, 12-декабрда Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын расмий жабылуу аземи өтүп, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт менен коштолду.

 Аземге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Республикасынын маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприянов катышты.

Белгилей кетсек, эриш-аркак жылы 2020-жылдын башында Москва шаарында башталган.

Алтынбек Максүтов аземдин катышуучуларын куттуктап, ортодон пандемия орун алып, өзүнүн оңдоп-түзөөлөрүн киргизгенине карабастан, үч жылдын ичинде эки элдин руханий азык алышына багытталган маданий иш-чаралардын комплекси ишке ашырылганын, андан тышкары, эриш-аркак жылдын алкагында ар кандай спорттук, туристтик жана гуманитардык мүнөздөгү башка иш-чаралар өткөрүлгөнүн айтты.

Владимир Осинцев куттуктоо сөзүндө, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоодо жана бардык тармактардагы кызматташууну өнүктүрүүдө маданият негизги ролду ойнорун белгилеп өттү.

Гала-концертте М.Е. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгей мамлекеттик академиялык “Нальмэс” элдик бий ансамбли, С.А. Зверев-Кыыл Уола атындагы Саха Республикасынын улуттук бий театры өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концертти Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли дагы коштоду.

Россиянын Н.П. Осипов атындагы Улуттук академиялык элдик аспаптар оркестринин солисти Александр Николайчук балалайкада, Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбилинин солисти Элеман Каныбеков комузда виртуоздук кол ойнотууну жогорку чеберчиликте көрсөтүштү.