Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы аялдар менен эркектер бир күндүк убактысын эмнеге короторун эсептеп чыкты.
Маалыматка ылайык, аялдардын бир суткадагы бир жарым сааты тамак жасоого кетет. Эркектер бул ишке күнүнө болгону 5 мүнөтүн сарптайт.
Кыргызстандык аял орточо эсеп менен 38 мүнөт идиш жууйт. Эркек муну бир мүнөттө жасайт.
Өлкөдөгү аялдардын 39 мүнөтү кир жууганга жана үтүктөгөнгө кетсе, эркектер бул иштен такыр эле оолак.
Ушундай эле 39 мүнөттү кыргызстандык кыз-келиндер үй жыйноо иштерине жумшаса, эркектер бир мүнөтүн коротот.
Балдарды кароо аялдардын 44 мүнөтүн, ал эми эркектердин 4 мүнөтүн алат.
Орточо эсеп менен кыргызстандык аялдар күнүнө 3 саат 13 мүнөт, ал эми эркектер 5 саат 52 мүнөт иштейт.
Аялдар орточо эсеп менен 7 саат 32 мүнөт, эркектер 7 саат 21 мүнөт укташат.
Аял да, эркек да тамактанууга күнүнө 2 сааттай убакыт коротот.
Кыз-келиндерге өзүн кароого бир жарым саат, ал эми мырзаларга 1 саат 40 мүнөт убакыт кетет.
Аял 1 саат 44 мүнөт, ал эми эркек 2 саат 17 мүнөт телевизор көрөт.
Калган убакыт баарлашууга, саякатка, соодага жана башка нерселерге жумшалат.