“Аялзат” кризистик борборуна жыл башынан бери 756 аял кайрылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лариса Губина билдирди.

Анын айтымында, борбор Бишкек шаарында жалгыз болуп саналат, ал

Анын айтымында, борбор Бишкектеги жалгыз гана башпаанек эмес, документтерди калыбына келтирүү, балдарды мектепке чейинки мекемелерге жана мектептерге каттоо, социалдык паспортту каттоо сыяктуу социалдык колдоону кызматтарын көрсөтөт.

Жыйынтыгында директордун орун басары борбор калаада оор кырдаалга туш келген балдар үчүн эки борбор бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-февралында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдары бар аялдар үчүн «Аялзат» биринчи кризистик борбору ачылып, эне жана балага 60 орунга ылайыкталган.