Үстүбүздөгү жылдын 6-13-декабрь аралыгында Юстициялык жардам кызматы тарабынан калкка юридикалык жардам көрсөтүү декадасы өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана калкка укуктук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди.

Анын айтымында, декаданын жүрүшүндө 7280 адамга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү. Анын ичинен:

— Бишкек шаарында – 804;

— Чүй облусунда – 1088;

— Ош облусу жана Ош шаарында –1319;

— Жалал-Абад облусунда – 1039;

— Талас облусунда – 991;

— Ысык-Көл облусунда – 668;

— Нарын облусунда – 987;

— Баткен облусунда – 364 жаран жардам алышты.

“Анын 3909у аялдар, 3371и эркектер. Мындан тышкары, социалдык жактан аз камсыз болгондор 1194, пенсия жашындагы жарандар 1435, иш менен камсыз болгон адамдар 1669, жумушсуз адамдар 1712, жашы жете элек жарандар 169, майыптыгы барлар 101ди түзөт. Жалпы сандын 42си чет өлкөлүк жарандар, экөөнүн жарандыгы жок болгон”, — деди ал.

Ал белгилегендей, негизинен жарандар үй-бүлөлүк жана укуктук маселелер менен көбүрөөк кайрылышкан: 2092 жаран, мүлккө байланыштуу суроолор 1259, эмгектик-укуктук мамилелер боюнча суроолор 332, жер маселелри боюнча 906, социалдык коргоо маселелери боюнча 883, документтештирүү чөйрөсүндө 410 суроо келип түшкөн.

“Декаданын алкагында 5 миңден ашуун таратуучу материалдар чыгарылып, ЖОЖдордо лекциялар уюштурулду, анда 500гө жакын студент акысыз юридикалык жардам берүү жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамынын ченемдери менен тааныштырылды. Ошондой эле “Менин укугум” аталышындагы видео сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр “Раритет” китеп дүкөнүнүн сертификаттары менен сыйланышты», — деп кошумчалады ал.

Камаева декадага юридикалык кызматкерлерден тышкары, Социалдык фонддун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, тактап айтканда “Юрклиник” ассоциациясы дагы катышканын белгиледи.