СаясатСпорт

Футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады.

 

Бүгүн, 14-декабрда, 16 команданын ортосунда чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тайпалык оюндар өттү.

Анын жыйынтыгында турнирдин кийинки баскычына 8 команда өттү.

Эртең, 15-декабрда, «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде төмөндөгү командалардын плей-офф баскычындагы беттештери өтөт:

– «Президенттин командасы» – «Элчилер»;

– «Спорт Жылдыздары» – «Спорттук федерациялар»;

– «Коопсуздук» – «Ден-Соолук»;

– «Ыйман» – «Достук».

Иш-чара саат 10:00дө башталат.

Оюндар УТРКнын Спорт телеканалы жана социалдык тармактар аркылуу түз эфирде чагылдырылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button