Пенсиялык реформадан кийин орточо пенсиянын суммасы 15 пайызга жогорулайт. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.
Бүгүн депутаттар «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда карады.
«Азыр бизде «1000-1500 сом пенсия алгандар бар» деп урушуп жатасыздар. Биз ошону оптималдаштырып жатабыз. Эң төмөнкү пенсияны 3 170 кылып жатабыз. Ошондо орточо пенсия алгандардын саны дагы 15 пайызга көбөйөт. Мөөнөтүнөн мурда пенсия чыккандарды азайта турган болсок, орточо пенсиялар дагы көтөрүлөт да. Анткени орточо пенсиянын өлчөмү азаят», — деди Соцфонддун төрагасы.
Алиевдин айтымында, Социалдык фондго катталгандардын саны 1,4 миллион, бирок реалдуу түрдө маянасынан 2000-3000 сом төлөгөндөр 600 миң адам. Калганы жер салыгынан айына 7-10 сом гана төгөт.
Буга чейин Соцфонддун төрагасы өлкөдө эң төмөнкү пенсия 2000 сом экенин айткан.