Кыргызстандын бир катар ишмерлери Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Кечээ, 14-декабрда Улуттук тарых музейинде Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, жазуучулар союзунун, ошондой эле журналисттер союзунун мүчөсү Сауле Досжандын кыргыз тилине которулган “Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары өттү.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, кыргыз элине белгилүү бир катар мамлекеттик, саясий ишмерлер, көрүнүктүү маданият жана адабият ишмерлери, китеп сүйүүчүлөр катышты.

“Айылдан чыккан миллионер” китепти кыргыз тилине жазуучу, котормочу, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов которгон.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Рапиль Жошыбаев Кыргызстандын бир катар ишмерлерине Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени менен төмөнкү адамдар сыйланды:
1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович — Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору
2. Аманова Роза Асановна — Кыргызстандын эл артисти, Кыргыз салттуу музыка фондунун төрагасы
3. Жумагулов Апас Жумагулович — Кыргызстандын баатыры, Кыргызстандын экс-премьер-министри
4. Иманалиев Муратбек Сансызбаевич — Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри
5. Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович — профессор, Кыргызстандын Казакстандагы экс-толук жана ыйгарым укуктуу элчиси
6. Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргызстандын Түркиядагы элчиси
7. Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргызстандын мамлекеттик катчысы
8. Кожошев Арзыбек Орозбекович — Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри
9. Табышева Саламат Орозбековна — “Мухтар Ауэзов фондунун” Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын жетекчиси
10. Шеримкулов Медетхан Шеримкулович — Кыргызстандын баатыры, Кыргыз ССР Жогорку советинин төрагасы, Казакстандын президентинин Ардак грамотасы
1. Абдиралиев Нурлан Асилбекович — Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборунун мүчөсү, “Достук” ансамблинин солисти
2. Акматаева Турсун — Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү
3.Жаманкулов Азамат Капарович — Кыргызстандын мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
4.Иманалиев Кайрат Олжобаевич — УТРКнын башкы директору
5.Истамбаев Алмазбек Маматжанович — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору
6. Керезбеков Канат Керезбекович — Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи
7. Кудайбергенов Бактыбек Жапарович — Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
8. Осмонов Кыргызбай Арапбаевич — Т.Сатылганова атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору
9. Салымбеков Аскар Мааткабылович — “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти
10. Тентишев Эркин Саткынбаевич — Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү. С.Тентишева
11. Чермашев Бахыт Мухтаралиевич