Two gay men after wedding on a beach

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Facebook социалдык тармактагы баракчасына АКШнын президенти батыштагы бир жыныстуу никенин мыйзамдашып жатканы тууралуу пикирин калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Акыры ушул болмок… Акыркы 8–10 жылда бир жыныстуу никелер (эркек менен эркек, аял менен аялдардын үйлөнүшү) 2,5 эсеге көбөйүптүр АКШда, ал эми жыныстыгын алмашуу боюнча хирургиялык операциялар 50 эсеге!

Адамдын Кудай берген жыныстык коду бузулганбы? Батыш үчүн ушул сыяктуу маселелер өтө басымдуу болуп, мындай никелерди колдобогон мамлекеттер «изгой» мамлекеттери болуп калып жатат… Менимче: так ушул ажырым Батыш менен калган дүйнөнү биротоло жарып бүткөнү калды көрүнөт… Мейли, бул табяттын катасы дейли, бирок ошондой бир жыныстагы адамдардын никесин расмий таануу, андай үй- бүлөлөргө бала асырап алуу укугун бергенин кандай баамдаса болот!

Акыр замандын белгиси эмеспи? Батыш чын эле «ирип-чирип» аткандын далили эмеспи? Же, трансгендер, гей дегендер жөн эле батыштын модасыбы? Же, Батыштын трагедиясыбы бул жөрөлгө?» — деп жазган Акматалиев.