Кыргызстандын жеңил ɵнɵр жайында ишкерлик кылган 105 айымдан турган «Датка айымдар» бирикмеси 3 жылдык юбилейлик мааракесин белгиледи. Мааракеге Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек ϴмүрзаков, коомдук ишмерлер,  ЖМК ɵкүлдɵрү, кайрымдуулук менен иш алып барган фонддор жана бирикменин ɵнɵктɵштɵрү катышты.

«Датка айымдар» бирикмеси 2019-жылы пандемия учурунда негизделип, пандемияда муктаж жарандарыбызга жана мамлекетке абдан чоң колдоо кɵрсɵтүшкɵн. Атап айтсак, 2000 миңдей азык-түлүк баштыгы, дары-дармек, андан сырткары 114 даана дем алдыруучу аппарат, консентратор сатып берип, аны республиканын бардык аймактарындагы ооруканалардын балансына ɵткɵрүшкɵн. Бул аппараттар канчалаган жарандарыбызга ɵмүр берип, жашоосун улантты!

«Датка айымдар» бирикмесинин негиздɵɵчүсү Венера Советбековна Калыбаева «2019-жылы пандемия учурунда мамлекетибиздин жана кыргыз элинин кыйналып жатканын кɵрүп, «Аллахтын ыраазычылыгы үчүн колубуздан келишинче жардам берели, жумасына, күнүнɵ акча таап иштегендер кандай күн кечирип жатат, азыр четте карап турууга мүмкүн эмес» деп 13 айымдан турган чакан топ демилге кɵтɵрүп, алгачкы кайрымдуулук ишибизди баштаганбыз. Биздин катарыбыз күн санап ɵсүп жатты. Жасаган иштерибизди дагы кɵбɵйүп, мурда 50-100 адамга жардам берсек, кийин 400-500гɵ чейин жардам кылып жаттык» – деген пикирип менен бɵлүштү.

«Биргеликте кɵп кɵйгɵйдү чечебиз» деген ураанды туу туткан «Датка айымдар» бирикмеси «ДМЧА-ЛОВЗ» коомдук фонду менен биргеликте «Бирге кɵтɵргɵн жүк жеңил болот» аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу улан-кыздардын фестивалын аймактар боюнча ɵткɵрүп, сынактын негизинде таланттууларды тандап, жыйынтыктоочу туру 3-декабрь күнү Бишкек ɵткɵрүлдү. Фестивалдын максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын талантын эл алдына алып чыгып, аларды коомдун толук кандуу мүчɵсү болууга шарт түзүү болуп саналат. Фестивалга 200дɵй улан-кыздар катышкан.

Дагы белгилей кетчү нерсе, «Датка айымдар» мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын арасында сулуулар сынагын уюштуруп, бир канча айым ɵзүндɵгү чыныгы сулуулукту, талантты жана аруулукту даңазалоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Аталган бирикме мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоочу «Бейиш балдары», «Үмүт шамы», «ДМЧА-ЛОВЗ» коомдук фонддору менен тыгыз иштешип, алардын иш-чараларын колдоп, ар тараптуу жардам берип келе жатат.

«Кайрымдуулук жүрɵктүн дарысы» дешет эмеспи элибизде. Коомчулукка белгилүү Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген Миразиз аттуу жаранга КИА морнинг үлгүсүндɵгү жеңил автоунаа сатып беришип, ал үй-бүлɵсүн жана 3 кызын багып, «Датка айымдарга» ыраазычылыгын билдирип келет.

Кечээ белгиленген «Датка айымдардын» 3 жылдык мааракесинде «Бирге кɵтɵргɵн жүк жеңил болот» фестивалынын таланттуу улан-кыздары жандуу үн менен керемет чыгармаларды аткарышып, кечени шаңга бɵлɵдү.

«Датка айымдар» бирикмеси 3 жыл аралыгында:

— мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден соолугунан жабыркаган балдарга;

— карылар жана балдар үйлɵрүнɵ;

— аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵргɵ;

— билим берүүчү мекемелерге;

— медресе жана мечиттерге;

— чет ɵлкɵдɵн дарыланууга муктаж жарандарга;

— Баткен окуяларында жабыркагандарга;

— Улуу  Орозо айынын урматына карата иш-чараларды жана ири социалдык долбоорлорду 34 миллион сомго ɵткɵрүшкɵн.