Кыргызстанда камсыздандырылган жарандар дарыларды 50% арзандатуу менен ала алат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө балдар жана чоңдор арасында сасык тумоонун мезгилдик күч алышына байланыштуу бардык камсыздандырылган жарандар, анын ичинде 16 жашка чейинки балдар, пенсионерлер, аскерлер, расмий катталган жумушсуз адамдар, ошондой эле калктын жеңилдиктерге ээ категориясы мамлекет тарабынан берилген укуктарын колдоно алышат.

Тактап айтканда, алар Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (ЖДПБ), Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун/ҮДТ/ФАПтардын медициналык кызматкерлерине медициналык жардам алуу үчүн кайрыла алышат, бекер консультация ала алышат, зарыл болгон учурда жеңилдик берилген дары-дармектерге электрондук рецепт (200дөн ашык аталыш) жаздырып алып, базалык баада 50% чейин арзандатуу менен дарыканалардан сатып ала алышат.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк дарыгердин дайындамасы жана көрсөтмөсү болсо, дарылоо бөлмөсүндө медициналык инъекцияларды (венага, булчуңга, тери астына) акысыз жасатууга болот. Эгерде дарыгер венага тамчылатма түрүндөгү медициналык инъекцияларды жазып берсе, сиз күндүзгү стационарга (эгер бар болсо) кайрылып, Прейскурантта көрсөтүлгөн баадан 50% га чейинки арзандатуу менен процедураларды ала аласыз.

Эске сала кетсек, процедуралык кабинеттер дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (шприц, кебез, спирт) бербейт.

Маанилүү! Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардан жашаган жери боюнча кошуп жазылган учурда (приписка) баш тартылат.

Каттоодон өтпөгөн калкка медициналык жардам көрсөтүү, алардын жеңилдиктерге укугу бар-жогуна карабастан, Баалар прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

Медициналык камсыздандыруу жок болгон учурда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин ар бир ЖДПБ, ҮМБ/ҮДТ/ФАПтан же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүмүнөн алсаңыз болот. Бардык суроолоруңузга ММКФнын 113 ишеним телефонунун дарыгер-эксперттери жооп беришет.

Өмүргө коркунуч туудурган жагдайда 103 телефону боюнча тез жардам чакыруу керек. Медициналык жардам – акысыз!