Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) узаган жумада (5-11-декабрь күндөрү) өткөн жылдын ушул аптасына салыштырмалуу 1,5 эсеге көп катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинин Эпидемиология башкармалыгынын жетекчиси Динагүл Оторбаева Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, былтыр ооругандардын эң көп учуру октябрдын аягы ноябрдын башында катталган. Учурда бир жумада 14 миң адамдан вирустук оору аныкталууда, өткөн жылы жогорку чеги 9 миңге чукулдаган.
Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева соңку үч күндө КРВИ менен ооругандардын саны күн сайын 20-25 пайызга өсүп жаткандыктан мектептерди жабуу сунушталганын белгиледи.