Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан кетирүү сунуштамасын президентке жиберет.
Мындай чечим бүгүн ыш маселеси каралган жыйындын соңунда кабыл алынды. Тиешелүү токтомго 66 эл өкүлү макул болуп, каршы добуш берилген жок.
Жыйында бир нече депутат Абдыкадыровдун шаардагы объектилерди жана жаңы конуштарды газга туташтыруу, ошондой эле ышка каршы күрөшүү иштерин чабал жүргүзүп жатканын билдирди. Ал тургай таштанды маселесин чече албай жүргөнүнө нааразы болушкан. Мэр жыйын учурунда Элмурза Сатыбалдиев менен кайым айтышып кеткени да себеп болду.
Белгилей кетсек, депутаттар кечээ парламентке чакырганда мэр келбей койгон.