Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн жаңы техника сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Ал бүгүнкү күндө таштанды чыгаруу боюнча маселе курч бойдон калып жатканын моюнга алып, атайын техникаларды сатып алуу менен бул көйгөй чечилерине ишендирди.

“2015-жылдан бери таштанды чыгаруучу техникалар жаңыланган эмес. Бизде учурда 54 бирдик техника бар болсо, анын 10-15% пайызы дайыма эле линияга чыга бербейт. Техникалардын жетишсиздигинен биз жеке компанияларды ишке тартуудабыз. Бирок, тилекке каршы, алар акыркы убакта начар иштей баштады”,- деди мэр.

Абдыкадыровдун айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн шаардык бюджеттен 200 млн сом бөлүнүп, жаңы унааларды алуу үчүн тендер өткөрүлгөн. Акча төлөнүп бүттү. Жаңы техниканын келиши жыл аягына чейин күтүлүүдө.