Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында ЕАЭБден келген мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсү жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул протоколду РФнын Мамлекеттик Думасы 13-декабрдагы пленардык жыйынында ратификациялаганын «Парламенттик гезит» жазып чыкты.

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Дмитрий Волвачтын айтымында, протоколдо 137 түзөтүү камтылган.

«Биринчиден, ЕАЭБге кирген эмгек мигранттарынын Россияда жүрүү жана кесиптик ишмердүүлүк режими жөнөкөйлөтүлөт, бизнестен административдик жүк түшүрүлөт», – деди ал.

Маалыматта эмгек мигранттары иштеп жаткан мамлекеттин аймагынан чыкпай туруп, кирүү максатын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылат. Ошондой эле педагогикалык жана юридикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү квалификациялар, илимий даражалар жана наамдар жөнүндө документтерди таанууну карайт.

«Бул өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияда иштеп жаткан 1.5 миллиондон ашык мигранттарга таасир этет», – деди Волвач. Документте ошондой эле бажы көзөмөлү жана салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү боюнча эрежелер такталган.